Мамлекеттик айыптоочу: "Исаков саясат жөнүндө эмес, ЖЭБ боюнча сүйлөсүн"
Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун жаңылоодогу жемкорлук боюнча соттук отурум өтүүдө. Бүгүнкү отурум айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү менен башталган.
Учурда Сапар Исаков Жылуулук электр борборун жаңылоодогу иштер тууралуу өзүнүн көрсөтмөсүн берүүдө. Бул учурда мамлекеттик айыптоочу менен Исаковдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты.
Мамлекеттик айыптоочу Исаков саясатты эмес, Жылуулук электр борборун жаңылоодогу иштери боюнча сүйлөсүн айтып, жактоочу суроолорду берүүсүн өтүндү.
Буга Сапар Исаков бул иш өзү саясат экенин айтып, чыдап туруусун, азыр ал уккусу келип жаткан көрсөтмөгө өтөрүн айтты.
Ошондой эле жакточу Нурбек Токтакунов дагы мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучунун сөзүн бөлбөй угууга милдеттүү экенин эскертти.

Арменияда дагы жаңы ТЭЦ курулууда. Анын наркы болгону 285 миллион доллар деп бааланды.
Булар жаңы ТЭЦти ушундай арзан баада куруп атышса, биз неге ТЭЦтин 30%ын гана алардан алдаканча кымбат баада модернизацияладык? Кызык сурооб