Депутат Тажикстандын чек арасынан кармалган Кыргыз жараны боюнча Тышкы иштер министрлигине тапшырма берүү керектигин айтты
Депутат Таабалды Тиллаев Тажикстандын чек арасынан кармалган Кыргыз жараны боюнча Тышкы иштер министрлигине тапшырма берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Таштумшук айылынын тургуну Асылбек Каримов деген жаранды Тажик Республикасынын атайын кызматы чек арадан мыйзам бузду деп кармаган. Ал камакта отурат. Аны азыркыга чейин чыгарбай жатат. Кошуналардын мындай кадам жасап жатканы бизге да түшүнүксүз. Тышкы иштер министрлигине Кыргыз жаранын үйүнө кайтаруу боюнча протоколдук тапшырма берүү керек. Жергиликтүү бийлик жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл", - дейт Тиллаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Saiit

30.10.2019. 12:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз жараанын Тажиктер заложник кылып камап олтурат акчасын берсенер чыгарабыз деп!! Кандай гана акмакчылык иш жасап жаттаттар бизде граниса жок пос гайи жок ээн эркин Тажиктер биздин базарга келет биздикелер алардын базарына барат бул жерде Тажиктердин мафиялык системасы иштеп жатат тез аран ичинде гранисаны тактоо керек!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.