super.kg logo

АКШда айдоочу өз өмүрүн тобокелге салуу менен жөө өтүп бараткан адамдарды сактап калды (видео)

 
Адамдарды сактап калган 27 жаштагы айдоочу кыз

АКШнын Аризона штатында жеңил унаанын айдоочусу өзүнүн өмүрүн тобокелге салуу менен жолдо өтүп бара жаткан жөө адамдарды сактап калды. Бул тууралуу Фейсбуктагы “Watch” деп аталган тайпада видео жарыяланган.

Анда жеңил унаанын 27 жаштагы аял айдоочусу кырсыкка секунддар калганда, кырдаалды өзгөртүп, адамдарды сактап калган.

"Жол кырсыгы видео байкоого катталып калган. Ага ылайык, көчөлөрдүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жерден эки адам коляскадагы баласы менен өтүп бара жатканын байкаса болот. Ошол учурда аларды карай катуу ылдамдыкта башка унаа келе жатканы көрүнөт. Жол кыймылынын башка катышуучусу болгон жеңил унаа кырдаалды байкап, ылдамдыгын азайткан. Эгер ал өз жолу менен кете бергенде жөө жүргөн адамдарды катуу ылдамдыкта келе жаткан башка унаа уруп кетмек. Бактыга жараша, жеңил унаанын айдоочусу соккуну өзүнө алып, келе жаткан унаанын траекториясын өзгөрткөнгө жетишти. Ошентип ал үч адамды аман алып калды", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жол кырсыгына себепкер 28 жаштагы Эрнесто Отанес Овесо дароо камакка алынган. Анын унаасынан тапанча дагы табылганы айтылууда. Ал эми адамдарды куткарып калган женил унаанын 27 жаштагы айдоочусу жаракат алган. Бирок алган жаракаттары анын өмүрүнө коркунуч алып келбеши айтылган.






АКШнын Аризона штатында жеңил унаанын айдоочусу, өз өмүрүн тобокелге салып адамдарды сактап калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
30.10.2019. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат кыз экен, машинасы жабыркаганына карабай өлүмдөн алып калыптыр.
30.10.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчиден алардын тируу калышы Алладан
30.10.2019. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атайылап эмес эле кокус ан тосуп калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: