super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Парламентке өтүү үчүн босого чекти кайра түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат? Сулайманов: "Босого чеги 9 пайыз болсун деп добуш бергем, азыр дагы ошол позициядамын"

 

2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатууну колдошкон. Эми 9 пайыздык босого чегин 5 пайыз кылып төмөндөтүү сунушталып жатат. Кечээ, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.

SUPER.KG порталы "Эки жыл мурда парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыз болсун деп добуш берген депутаттар кайра 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов босого чегин төмөндөтүү боюнча депутаттар коомчулуктун реакциясын карап жатат деген пикирде.

"Парламентке өтүү үчүн босого чеги 9 пайыз болсун деп кабыл алынган. Мен 9 пайыздык босого чегин колдогом, азыр дагы ошол позициядамын. Босого чегин 5 пайыз кылып түшүрүү боюнча сунуш айткан депутаттар дагы болууда. Алар коомчулуктун реакциясын карап жатышат. Негизинен пайыздын аз болгону жаңы партияларга жакшы. Бирок 9 пайыздык босого болуп бекитилип калган, мен колдоп добуш бергем", - дейт Алтынбек Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: