super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин 5 пайызга түшүрүүгө бийлик кызыкдар эмес". КҮНСОБОЛ

 

2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатууну колдошкон. Эми 9 пайыздык босого чегин 5 пайыз кылып төмөндөтүү сунушталып жатат. Кечээ, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.

SUPER.KG порталы "Эки жыл мурда парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыз болсун деп добуш берген депутаттар кайра 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясы босоголук чекти 9 пайызга жогорулатууну толугу менен колдошкон эмес деп белгиледи. "Босого чегин жогорулатууга биздин фракция толугу менен каршы чыкканбыз. 9 пайыздык босого чеги бул парламентке жалаң байлар, бийлик колдогон күчтөр келет дегенди түшүндүрөт. Босого чеги жогору болсо парламентке жаш күчтөр, оппозициялык күчтөр, өзүнүн пикирин ачык айткан күчтөр келбей калат. Бүгүнкү күнү көп партиялар босоголук чектин жогорулатылганы ката болуп калганын моюндап, эрежени өзгөртөбүз деп жатышат. Ошондо чоң катачылык болгон. Азыр эреженин өзгөрүшү кыйын болот. Мыйзам кабыл алынып калды. Буга бийлик кызыкдар эмес. Бийлик эмненин айтса ошол болот. Парламентке кандай добуш бер десе, ошондой добуш берет. Ошондуктан бул мыйзам долбоору өтпөйт", - дейт Шыкмаматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: