super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругундагы жаныбарлар

 
Нарын дайрасынын башталышы. Тоолорду көбүнчө булут каптап турат
Жалал-абаддык браконьерлерден алынган 2 сүлөөсүн, 1 бүркүт жакында питомниктин аймагына коё берилиптир
Нарын дайрасынын башталышы. Тоолорду көбүнчө булут каптап турат
Көк тиреген Тянь-Шань тоолору
Көк тиреген Тянь-Шань тоолору
Питомникте эс алуучулардан калган тамак калдыктары бул тоокторго берилет
Браконьерлерден алынган сүлөөсүндү эркиндикке чыгаруу
Коруктан бир көрүнүш
Ар бир бугунун аттары бар, бул Бемби
Бугулардын үйүр башчысы, Айдар аттуу бугу
Бугулардын үйүр башчысы, Айдар аттуу бугу
Коруктун кызматкерлери
Коруктагы сүлөөсүн да адамдарга көнүп бүткөн
Жумуртка багытындагы тооктор
Бугу-марал питомниги
Элиза аттуу марал эки чаарчыгы менен
Нарын дарыясынын башы. Бул тоолорду көбүнчө туман каптап турат
колго көнгөн бугу маралдар адамдардан чоочуркабайт
Корук кызматкерлери ысык-суукка карабай иштешет. Айлык-акылары 3500 сом экен
Тукум берүүчү марал
Корукту байырлаган жаныбарлардын бири -суур
Бала марал
Токой кызматкерлери браконьерлерге каршы иш-чара уюштурганда ушул үйлөрдө түнөшөт экен
Коруктун жогору жактан көрүнүшү. Төмөндө айтылуу Нарын дайрасы
Жыл сайын бугулардын эски мүйүзү түшүп, жазында ордуна бирден бутакча өсүп чыгат
Мүйүзү жаңы өсүп келе жаткан бугу
Бемби, 6 жашта. Жашын мүйүзүндөгү бутакчанын санына жараша билүүгө болот
Жумуртка багытында багылган тоок
Корукчу Туратбек Мамбетказиев жаныбарларды коргоо үчүн үй-бүлөсү менен коруктун аймагына көчүп келген
Бугулар адамдын колунан тамак жегенге көнүшкөн. Сүрөттө Айдар аттуу бугу жана корукчу Туратбек Мамбетказиев
Колго үйрөнгөн бугулар адамды көрсө эле тосмону көздөй чуркашат
Корукту байырлаган жапайы мышык
Курсагы тоюп, жуушап жаткан бугу
Учурда питомникте 27 бугу багылат

Нарындын Таш-Башат айылына караштуу аймактан орун алган Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу 1983-жылы Борбордук Тянь-Шань тоолорундагы жоголуп кетүү коркунучундагы жаныбарларды сактап калуу максатында түзүлгөн. Аянты 91 миң гектарды түзүп, бир тарабы Ысык-Көл облусунун Жети Өгүз району менен чектешет. Корукта сүт эмүүчү жаныбарлардын 26 түрү, канаттуулардын 104 түрү, балыктын 3 түрү жерде-сууда жашоочулардын 1 түрү багылат. Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал жана аркар-кулжалар да бар. Коруктагы "Бугу-марал" питомнигинде учурда 27 бугу багылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: