super.kg logo
  Саясат  

Депутат Дастан Бекешев: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин жогорулатуу саясий чечим болгон". КҮНСОБОЛ

 

2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатууну колдошкон. Эми 9 пайыздык босого чегин 5 пайыз кылып төмөндөтүү сунушталып жатат. Кечээ, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.

SUPER.KG порталы "Эки жыл мурда парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыз болсун деп добуш берген депутаттар кайра 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2017-жылы босоголук чекти 9 пайызга жогорулатуу саясий чечим болгонун айтты.

"Көп учурда мыйзам иштебесе өзгөртүүлөр киргизилет. Мисалы, жашоого карата мыйзамдарды өзгөртүүгө туура келет. Бирок аналитика болушу керек. Мыйзам кабыл алынса келечекте кандай болот деп анализ жүргүзүү зарыл. Ачык эле айтыш керек бизде анализ жасалбай туруп, саясий чечимдер кабыл алынып калат. 2017-жылы босоголук чекти 9 пайызга жогорулатуу саясий чечим болгон. Босоголук чекти жогорулатууну ката деп айтса да болот", - дейт Дастан Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: