Депутат: "Мектеп, бала бакчалар электр энергиясы үчүн кафе, ресторандар төлөгөн баада төлөшөт"
Мектеп, бала бакчалар мамлекеттин, муниципалитеттин карамагында болгонуна карабай, электр энергиясы үчүн 2 сом 24 тыйын төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
"Эмне үчүн баарыбыз электр энергиясы үчүн бай, кедей дебестен, 70 тыйындан төлөйбүз дагы, эң аярлуу объектилерибиз болгон мектеп, бала бакча кымбат төлөйт? Аларды коммерциялык болгон кафе, ресторанга теңеп койдуңар. Аларга акча бюджеттен төлөнөт дейсиңер, анда бааны көтөрүп коюп, кайра бюджеттен акча бөлүп берген туурабы? Электр энергияны экспортко арзан сатканча, ички экспорт үчүн жеңилдиктер берилсе жакшы болмок. Болбосо мектеп, бала бакчаларды көмүргө өткөрүш керек" , - деди ал.
Буга биринчи-вице-премьер Кубатбек Боронов: "Электр энергиясы боюнча тариф "тиричиликтеги" жана "тиричиликтеги эмес" болуп экиге бөлүнөт. 70 тыйынды биз социалдык нарк катары берип жатабыз. Бирок баарына тең андай тарифти бекитүү мүмкүн эмес. Себеби 1 киловатт-сааттын өндүрүмдүүлүгү 70 тыйындан ашып кетет", - деп жооп берди.



1 |