super.kg logo

Баткенде облустук оорукананын кызматкерлери иштен кетүүгө арыз жазышкан. Министрлик дарыгерлер штаттык режимде иштеп жатканын айтат

 

Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери айлыктын аздыгынан, иштөөгө шарттын жоктугунан улам иштен кетүү тууралуу арыз жазышканы айтылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда дарыгерлер жумуштан кетпегенин, алар штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

"Бүгүн, 30-октябрда министрликтин тапшырмасы менен Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, анын орун басары дарыгерлер менен жолугушту. Жолугушууда медицина кызматкерлери өздөрүнүн талаптарын айтышты. Учурда дарыгерлер көтөрүп чыккан маселени чечүү жолдору каралууда.

Облустук оорукананын кызматкерлери жолугушуунун жыйынтыгына канааттанышып, штаттык режимде иштеп, бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү улантышууда", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.10.2019. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ананчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: