super.kg logo

Бишкекте аёосуз сабалган жаран №4 шаардык ооруканада дарыланууда

 

Бишкекте аёосуз сабалган жаран Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 30-октябрь күнү саат 13:15 чамасында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан милицияга билдирүү келип түшкөн. Анда дарыгерлер катуу сабалып алып келинген эркек киши тууралуу маалымат беришкен. Териштирүү иштеринде бул жаран Ч.Айтматов көчөсү менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин алдында сабалган жаран экени аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө жүрүүдө.

Буга чейин Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы кишини белгисиз жаран аёосуз сабап кеткени тууралуу маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: