super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбаев: "Саламаттыкты сактоо министрлиги саясатты так жүргүзө албай жатканын көрсөттү"

 

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин сындады.

"Кечээ Баткен облустук ооруканасында 92 пайызды түзгөн дарыгерлер жумуштан кетишти. Бул өтө кооптуу. Саламаттыкты сактоо тармагында, улуттук коопсуздукта коркунуч бар. Алар 10дон ашык көйгөйдү көрсөтүштү. Негизсиз текшерүүлөр, айлык маянанын аздыгы себеп болду. Менин оюмча, булар Жогорку Кеңешке, президентке, өкмөткө үн катты. Мындай көйгөй Баткенде эле эмес, бардык аймактарда көп. Анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканада болгон көйгөйдү ичинен терең билбегени далилденди. Министрлик саясатты так жүргүзө албай жатканын көрсөттү. Жаңы жабдыктарды алып келүү боюнча иш жүргүзгөн жокпуз. Илим жагынан бир дагы ишти байкаган жокпуз. Медицинанын эффективдүүлүгү төмөн болуп жатат. Министрлик саясат жүргүзбөй эле чоң ооруканага айланып калды. Бул дарыгерлердин эле көйгөйү. Элдин ден соолуугу тууралуу да көйгөйлөр көп болуп жатат. Өкмөт башчы саламаттыкты сактоо тармагында саясатты туура жүргүзүшү керек", - дейт Төрөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: