ЖЭБ соту: Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен Сапар Исаков кайым айтышты
31-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Сапар Исаковго суроо берип жатканда, жактоочулар ортосунда пикир келишпестик жаралды. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар Артыкбаевдин жактоочусуна протоколдор кайталанып жатканын айтып, нааразы болушту.
Андан кийин Осмонбек Артыкбаев Сапар Исаковго кайрылып энергетикалык маселе боюнча суроо берди. Бул арада ал экөөнүн ортосунда пикир келишпестик орун алып, кайым айтышты. Анда Артыкбаев: "390 миллион доллар боюнча катка кол коюп жатып, аны Экономика министрлиги билет дедиңиз. Бул логикага туура келбейт", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Азыркы Жээнбековтор аман эле болушсун. Жээнбеков кетсин.