ЖЭБ боюнча соттук отурумда Жантөрө Сатыбалдиевдин абалы начарлап, медициналык жардам чакыртылды
Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Ага айыпталуучулардын бири, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди суракка алуу кезеги келгенде ал: "Кан басымым көтөрүлүп кетти. Суракты кийинкиге калтырса болобу?", - деди.
Андан кийин сот он мүнөттүк тыныгуу жарыялады. Сатыбалдиевге медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал абалы жакшы болбой жатканын айтууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Башкаларга дагы сабак болсун, тооба кылдым