super.kg logo

Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, соттолгон Алтынбек Муралиев жатак абакка которулду

 

Алтынбек Муралиев октябрь айынын ортосунда жатак абакка которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Буга чейин Жогорку Сот Муралиевдин ишин карап чыгып, жаза мөөнөтүн 10 жылга кыскарткан. Ошондой эле тергөө убагында СИЗОдо отурган бир күнү эки күнгө эсептелген. Ал эми ушул айдын ортосунда ал үч жылга сынак мөөнөтү менен жатак абакка которулду", - деди басма сөз кызматынан.

2016-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Алтынбек Муралиевди 12 жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон айыпталуучу менен анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Ал эми Бишкек шаардык соту Алтынбек Муралиевди 22 жылга эркинен ажыраткан.

Айта кетсек, Алтынбек Муралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы милдетин аткарып турган убакта “жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берген” деген күнөө менен 2014-жылдын 1-ноябрында кармалган. Ал 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.10.2019. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мыйзам кедей акчасыздарга эле иштейт окшойт
31.10.2019. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекттик чыкынчылык дегендер ушундай кутулуп жатышса...кайдагы акыйкат
31.10.2019. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сталин болсо атууга кетирмек
01.11.2019. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демократия чиркин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: