super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бере турган болсо, алар өздөрү ишенген адамды шайлаганга жол ачылат". КҮНСОБОЛ

 

Депутат Исхак Масалиев жана Жанар Акаев шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Бул мыйзам долбоору бир-эки күндүн ичинде коомдук талкууга коюла турганы айтылууда.

SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо партиянын тизмесиндеги талапкерге өзүнчө добуш берүү сунушталып жатат. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов бул демилгени сөзсүз түрдө колдош керек деген пикирде.

"Мурунку парламенттик шайлоолордо ушундай өзгөртүү киргизилсин деп жарандык коом айтып келген. Бул демилге чыныгы эл өкүлдөрүн парламентке алып келүү мүмкүнчүлүгүн ашырат. Азыркы парламент жеке фирма, бизнес корпорация сыяктуу түзүлгөн деп айтылууда.

Ачык тизме болсо шайлоочу абстракттуу партияга эмес, ишене турган адамына добуш берүүгө жол ачылат. Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш берүү сунушун колдоо керек", - дейт Турдукулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: