super.kg logo
  Саясат  

Депутат Таабалды Тиллаев: "Шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоорунун зарылчылыгы жок". КҮНСОБОЛ

 

Депутат Исхак Масалиев жана Жанар Акаев шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Бул мыйзам долбоору бир-эки күндүн ичинде коомдук талкууга коюла турганы айтылууда.

SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо партиянын тизмесиндеги талапкерге өзүнчө добуш берүү сунушталып жатат. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

Депутат Таабалды Тиллаев бул мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди. "Жеке пикирим боюнча, демилгени колдоонун кажети деле жок. Мыйзам боюнча партиядагы ар бир талапкердин тизмеси көрсөтүлгөн. Ал тизмеде бардыгы ачык, так көрсөтүлөт. Элге ансыз деле алардын аты белгилүү болот. Эгер партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өзүнчө добуш бериле баштаса, алардын атын камтыган бюллетень канча метр болуп калат? Себеби ар бир партиядан 200гө жакын адамдын тизмеси берилет да. Жаш партиялар чыкпай калат деген пикирлер дагы айтылууда. Ошол эле учурда долбоор кабыл алынса, элге жакшы тааныла элек партия мүчөлөрү өтпөй калышы мүмкүн. Себеби эл шайлоого келгенде, тизмени карап туруп, аты таанылган адамга добуш берип коюшу ыктымал. Ар бир партия тизмеге көрүнүктүү, өлкөдө же өз айылында кадыр-баркы бар кандидаттарды тандап, киргизет да. Андыктан бул мыйзам долбоорунун эч зарылчылыгы жок деп ойлойм" , - деди Тиллаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: