Бишкекте патрулдук милиция кызматы түзүлдү. Кызматкерлердин айлыгы мурдагыдан эки эсе жогору болот




Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Жаңы кызматка Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматы бириктирилген. Аталган башкармалыктан билдиргендей, кызматкерлер сынак аркылуу алынган.
Маалыматка ылайык, биринчи баскычта тандалып алынган кызматкерлер өз иштерин баштады. Жаңы түзүлгөн кызмат үчүн жарыяланган сынакка милиция кызматкерлеринен тышкары, башка адистиктин ээлери дагы резюмелерин жиберген. Биринчи баскычтан өткөн кызматкерлер ИИМдин академиясында атайын окуудан өтсө, экинчи баскычтан өткөндөр окуп жатышат.
"Мурда катардагы кызматкер 11-12 миң сом айлык акы алса, эми алардын маянасы 22 миң сом болот. Жаңы түзүлгөн кызмат азырынча Бишкектеги Биринчи Май жана Свердлов райондорунда иштеп баштады. Жакынкы арада Ленин жана Октябрь райондорунда бул кызмат иштеп баштайт", - деп айтылат маалыматта.





1 |