Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арачыларынын жолугушуусунан кийин Кыргыз жараны мекенине кайтарылды"
Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын чек арачылары Тажикстандын Согдий облусунда жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты. Ага ылайык, 31-октябрда Тажикстандын Согдий облусунун Исфара шаарында эки өлкөнүн чек арачыларынан түзүлгөн делегация жолукту. Жолугушууда негизинен чек ара аймактарындагы коопсуздукту сактоо боюнча өз ара сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү маалым болду.
“Делегация өкүлдөрү эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселелерди талкуулашты. Андан тышкары, чек ара кызматындагылар террорчулукка каршы чогуу күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жолугушууда диний-экстремисттик жана Эл аралык террорчу уюмдардын иш аракеттерине бөгөт коюу боюнча биргеликте иш алып баруу макулдашылды.
SUPER.KG порталы мамлекеттик чек ара кызматына байланышып, төмөндөгүдөй жооп алды: "31-октябрда Кыргыз-Тажик өлкөлөрүндөгү чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, бир катар маанилүү маселелерди талкуулап, чечишти. Алардын арасында 24-октябрда Тажикстандын "Чарку" базарына кирип, дайынсыз болуп жаткан Таш-Тумшук айылынын тургуну Асылбек Каримов тууралуу да сүйлөшүүлөр жүрдү. Аталган жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз жараны мекенине кайтарылды. Учурда ал аман-эсен жакындарынын жанында", - дешти маалымат кызматынан.
Эске салсак, 24-октябрда Тажикстандын "Чарку" базарына кирип кеткен Таш-Тумшук айылынын тургуну Асылбек Каримов дайынсыз болуп жаткан. Кийин ал Тажикстандын аймагына мыйзамсыз кирип кеткени үчүн кармалганы белгилүү болгон. Бүгүн, 1-ноябрда Каримовдун үй-бүлөсүнө кайтарылганы тууралуу анын иниси Нуртилек Каримов SUPER.KG порталына билдирген.









1 |