Башкы прокуратура: "Сейитбек Атамбаевдин "Автомаш-Энерго" ишканасына тийиштүү документтер алынды"
Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевге таандык "Автомаш-Энерго" ишканасынын документтери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алынган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу козголгон бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Мындан улам анын жакындарына тиешелүү мүлктөрү, ишканалары жана активдери текшерилүүдө.
"2003-жылы "Кыргыз автомаш" ААКнын директорлор кеңеши электр энергиясын дүңүнөн алып, сатуу менен алектенген. Андан соң "Автомаш-Энерго" деп аталган компания негизделген. 2004-жылы Атамбаев компаниянын негиздөөчүлөрү катары уулу Сейитбек Атамбаевди киргизген. Андан соң аталган ишкананын 75 пайыз үлүшү ага катталган. Ушул жылдын 23-августунда "Автомаш-Энерго" ишканасы камакка алынып, текшерүү башталган. Бирок фирманын жетекчилиги ушул кезге чейин ар кандай шылтоо менен тийиштүү кызматкерлерге документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, алардын ишине тоскоолдук жаратып келген. Мындан улам Биринчи Май райондук соту 21-октябрда чыккан токтому менен аталган ишканага тиешелүү документтерди алуу аракеттери жүргөн", - деп жазылат маалыматта.
Кечээ, 31-октябрда Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевге таандык "Автомаш-Энерго" ишканасында тинтүү жүрүп жатканы айтылган.







1 |