super.kg logo

Бишкекте "Аламүдүн" базарынын жанындагы сейил бакты реконструкциялоо пландалууда

 

Жакында "Аламүдүн" базарынын жанында жайгашкан сейил бакты реконструкциялоо пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, аталган аймакта балдар үчүн жаңы заманбап сейил багы ачылат. Буга чейин шаар тургундары "Аламүдүн" сейил багы боюнча көптөгөн кайрылууларды жасап келген.

"Сейил бак жайгашкан жерди 2005-жылы мэрия токтом чыгарып, “Аламүдүн” базарынын карамагына ижарага берген. Келишим боюнча ал жакта маданий-социалдык маанидеги объектилер жайгашышы керек эле. Бирок сейил бактын түштүк жагын мыйзамсыз соода түйүндөрү ээлеп алган. Натыйжада балдар үчүн ачылган сейил бактын айланасын курулуш шаймандарын саткан түйүндөр, унаа оңдоочу жайлар курчап алган. Эми алардын бардыгы жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан алынды. Жаңы сейил бактын эскизи даярдалып жатат. Аны коомдук талкууга алып чыгабыз", - деди мэриянын маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: