super.kg logo

"Бакай Банк" өлкөнүн жаштарын финансылык сабаттуулукка үйрөттү

 

«Бакай Банк» окуучу жана студенттерге финансылык сабаттуулук боюнча үйрөткөн тренингдерди өткөрдү. Компаниянын өлкө боюнча филиалдарынын эшиктери жергиликтүү окуу жайлардын окуучулары үчүн ачылды. “Бакай Банктын” кызматкерлери алар үчүн атайын “Кантип финансылык тобокелчиликсиз капиталыңды көбөйтүүгө болот?” деген темада лекция өткөрүштү.

Окутуу программасы Бүткүл дүйнөлүк каражатты үнөмдөө күнүнө карата өткөрүлдү. Тренинг окуучулар арасында каражатты үнөмдөө тематикасында жана финансылык сабаттуулукту күчөтүү темасында өттү. Окуучу жана студенттерди акчаларды үнөмдөө жана кантип туура чогултуу керектиги жөнүндө үйрөтүштү.

Тренинг учурунда катышуучулардын банк ишмердүүлүгү жана Кыргыз өлкөсүндөгү банк системи тууралуу кызыктыруучу суроо бергенге мүмкүндүк болду. Катышуучулар чакырганга ыраазычылык билдирип, жаңы билим алганга кубанышты.

Мындан тышкары, Бүткүл дүйнөлүк каражатты үнөмдөө күнүнүн алкагында 29-октябрда “Бакай Банк” финансылык жарманкеге активдүү катышты. Бул иш-чаранын уюштуруучусу Улуттук Банк болду.

“Бакай Банктын” кызматкерлери “Дүйнөдөгү Ислам финансыларынын дарамети” деген темада презентация жасап, “Бакай Банкта” 21 жылдан бери аманат салып келген Советжан Сарбагышеванын тарыхын айтып беришти.

Жылуу жана достук атмосферада Банктын өкүлдөрү кызыктуу сынактарды жана анын жыйынтыгы боюнча активдүү катышуучуларына баалуу белектер ыйгарылды. Жарманкенин конокторуна буклет жана брошюралар таратылып, “Бакай Банктын” продукттары жана кызматтары тууралуу консультациялык иш-чаралар өттү.

“Бакай Банк” жаш муундарга кам көрүп, жаштардын билимин жогорулатуу боюнча көп күч жумшайт.

“Бакай Банктын” башкы кеңсеси: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 77. Телефон: 0312 61 00 61, уюлдук телефон: 6111. WhatsApp: 0554006111.

Социалдык тармактар: facebook Instagram Twitter

Сайт: www.bakaibank.kg

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында Банктын 76 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: