super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаа сүзүшүп, 9 адам ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын арасында кош бойлуу келин бар

 

Бишкек-Ош унаа жолунда үч унаа сүзүшүп, 9 киши жабыркады. Маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктап, буларды билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-октябрь күнү саат 23:00 чамасында болгон.

"Мазда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеде келе жаткан Хонда Степвагон унаасы менен сүзүшкөн. Хонда Степвагон Хонда Одиссей унаасын сүзүп барып токтогон. Кырсыктын кесепетинен Мазда унаасында жүргүнчү катары келе жаткан 2 жаран Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруучу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Хонда Степвагондун айдоочусу жана дагы 4 жүргүнчү аталган оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми Хонда Одиссей машинасынан дагы 3 жаран ооруканага алардын ичинен бир келин төрөтканага жеткирилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: