Англияда жүк ташуучу унаадан жансыз денеси табылган 39 адам Кытай жарандары эмес, Вьетнам өлкөсүнүн жарандары болгон. Алар тоңуп каза болушкан

Англиянын чыгышында жүк ташуучу унаанын ичинен жансыз денеси табылган 39 адам Вьетнамдын жарандары болгон. Буга чейин алардын Кытай жарандары экени айтылган эле. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 39 жаран жүк ташуучу унаанын ичинде тоңуп каза болушкан. Ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыгы боюнча маркумдардын аты-жөнү айтылбайт.
Учурда мигранттардын өлүмүнө шектелип кармалгандардын экөө камакта, ал эми 3 адам ноябрь айынын ортосуна чейин камактан бошотулушту.
Бул окуя боюнча Вьетнамдын премьер-министр Нгуен Суан Фук тергөө ишин жүргүзүүнү өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Канткенде да ар пендени Аллах сактай кор.