super.kg logo

Чыпалак баатыр өзбек актрисасы Ситора Фармоновага нааразы

 

Казакстандын Алматы шаарында "Central Asia's Got Talent" шоусу өтүп жатат. Ага ар кайсы өлкөлөрдүн таланттары катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүүдө. "Чыпалак баатыр" каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан. Шоунун финалдык бөлүгүндө Чыпалак баатыр таймаштан четтетилген.

Мындай чечимден кийин Чыпалак баатыр өзбек актрисасы Ситора Фармоновага нааразы болуп жаткандыгын билдирди. Калыстар тобу анын номерин өмүргө коркунуч жаратат деп баалаган. Бирок Чыпалак баатыр "өлсөм илгери эле өлүп калмакмын, бул менин биринчи трюгум эмес" дейт.

"Менин 30дан ашуун коркунуч жарата турган трюктарым бар. Буга чейин деле бир катар шоулорго катышкам. Ошондон бери эле өлбөй, житпей автордук трюктарымды аткарып келе жатам. "Central Asia's Got Talent" шоусунда менин өнөрүмдү коркунучтуу деп оюндан четтетти. Ырасында эле өмүрүмө коркунуч жараткан трюк болсо биринчи баскычта эле айтып, четтетип койсо болмок. Мен шоуго өзүмө ишенгеним үчүн катышкам. Шоудо көрсөтүлгөн өнөрлөрүм уюштуруучулар тарабынан тандалган. Трюктарымдын айынан жаман иш боло турган болсо биринчи же андан кийинки баскычтарда болушу мүмкүн болчу.

Калыстар тобундагы өзбек актрисасы Ситора Фармонова Гүлнур Сатылганованын баскычын басып койду. Бул туура эмес да. Ар ким өзүнүн оюн айтып, өзүнө тиешелүү эле ишти жасашы керек болчу. 500дөй катышуучунун арасынан финалга чыккам. Гүлнур Сатылганова өнөрүмдү баалады. Мен ага ыраазымын, жүрөгү кыргыз деп согот экен", - дейт ал.

Видеодон Чыпалак баатырдын трюгун көргөн калыстар тобунун 3 мүчөсү жок деген белгини баскан. Алар Чыпалак баатырга бул өнөрүн жакшылап иштеп чыгуусун айтышкан. Ситора Фармонова жанында отурган Гүлнур Сатылганованын баскычын басып жиберген. Ал Чыпалак баатырдын кыйналып жатканын карап отура албагандыгын айтып, Гүлнур Сатылганова үчүн дагы жооп кылганын билдирген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова кийинкиде ал үчүн баскычты басуунун кереги жок экенин айткан. "Мисалы мен жок деген белгини баскым келген эмес. Мен Чыпалак баатырдын өнөрүнө буга чейин деле күбө болуп жүрөм. Ага эч нерсе болмок эмес", - деген Сатылганова.






Чыпалак баатыр Ситора Фармоновага нааразы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(26)
04.11.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Бул номерин чынында талант эмес жиндилике салып эле кагып сууруп койдун чипа
04.11.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Гүлнур эже АЗАМАТСЫЗ жообун сразу берген. Эми экинчи баскычынызды баспайт МОЛОДЕЦ
04.11.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
kirgizstan,туура,Гульнур азамат эже. Ийгилик сизге. Чыпалак жонундо эч нерсе дей албайм,ушундай адамдар баатыр аталып жатканы окундурот
04.11.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
katerina.li,Кыргыздарды ушундай баатыр адамдар коргоп келген сендейлер чыккынчы болуп эрлердин башын саткан.Чыпалакты тааныбайм бирок ошончо мээнетти сыйлабаган билбейм сен экрандын артында кандай кишисин.
04.11.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bekmaral,мен неге баатыр болмок элем. Аял киши баатыр болбой эле уйдо жургону жакшы. Бала чаканы карап.
05.11.2019. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bekmaral, баатыр оор басырыктуу болот. Эл учун оор кырдаалда олумго башын саят.

Ал эми чыпалак дегенинер маскарапоз. Маскарапозду баатырга тенеген сага окшогондорго вообще соз жок!!!
04.11.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Тиги Ситора Фармонова Гулнур Сатылганова учун эмнеге жооп берет. Аябай устомдук кылгандай суйлоптур го. Ар ким озу учун жооп берет да. Бир аз туура болбой калгандай корунуш жасаптыр тиги башка олконун "окулу".
Sayragul түзөттү 2019-11-04 13:37:32
04.11.2019. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чыпа жакшына нерсени жасасан болмок негизи келечеги жок нерсе
04.11.2019. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Гулнур Сатылганова уяттын кучунон эле баспай отурат эле
04.11.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анау Форанбубу жаман анырандаптыр го,озу учун эле жооб бербейт бекен.Энесиндей аялга анкылдаганы туура эмес.Ал эми Чыпа сен азаматсын,бирок дагы да кобуроок трюктарынын устунон ишин керек экен.
05.11.2019. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jasi.jasi, Сен дагы ошого окшогон бир неме коруносун...

Мотуев менен Озбек ажыны эл унута тушкондо Гулзат Мамытбек менен Чыпалагы тойгузду да...
05.11.2019. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Losw,ал дагы адам,мен адамды болбойм сага окшоп.болгон аракетин кылып атат,сага окшоп сасып жатпай,сен мага жооб бербей эле кой сасык
04.11.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чыпалак сеники анча окшобоптур
04.11.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чындыгында омурго кооптуу трюк экен,осуп келе жаткан эси жок балдарга жаман таасири тийгидей.Зарылбек,элдин келечегин да ойло.Сен жинди болсон эле коомду да жинди деп ойлобо!Ансыз да эси жок кылыктарынардан эл чарчады.(Гулзат Мамытбек,Кайрат Кыргыз,Чыпалак Баатыр)жб
04.11.2019. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул Ситора деген кайсы эле, Кыргызстандын КВН ине катышып жүргөн аялбы, же ким эле?
04.11.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikaaaa,ошол
04.11.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чыке мындай номерлеринди бизден башкага корсотпой эле кой андан коро шайлоого даярдан))
04.11.2019. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба кечинде көрдүм ушул шоуну...Бирок чындыгында Чыпалак баатыр туура эмес кылды...кызарып өлүп кете жаздады,жюрилер конечно коркту анан ххх басып жиберди...Ситора болсо чыдабай Гулнур эженин кнопкасын басып жиберди...))) Гулнур эже азаматсыз сразу нак жообун бердиңиз...Зарылбек ээси ооп калганда эмне кылмак элеңиз))) мен ошону ойлоп коркуп жаттым...
04.11.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чипа сен баягы тайкендин жайлоосунан тушпой эле койсон болмок. Гулнур эже жалпы кыргыздын намысын коргоп жатат. Ситора го кыргыздардын аркасы менен эле аты чыкты го. Суу ичкен кудугуна тукургондой болуптур
04.11.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиги с Гүлнурга не аңыраңдап атат катуу эле айтып уруша албады.
04.11.2019. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ситора дайыма эле Гулнур эженикин басып журот... Эки жолу басканын коруп калдым... Озунчо эле анырандай берет... КВНде аткаргандары бири дагы жаккан эмес... Окунучтуу ошол жерде отурганы... Эмгек синирген Юлдузу келсе жакшы болмок...
04.11.2019. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулнур эже азамат экен, бирок чыпалактын бул трюку жарабайт, ботон элге баракандан кийин жакшылап даярданып барса болмок, ошондой болсо да Гулнур эже патриоттуулугун корсотуп туурасын айтты.
04.11.2019. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ар бир адамдын оз денгеели болот жана ошол денгеелине жараша суйлойт Ситора деген неме далактап ким экенин коргозду кыргыздар ич куйду коро албаспызда чыпалак баатырды жамандей бербей мактап койгула болбосо эч нерсе деп жазбай эле койгула да кыйын болсонор озунор чыккыла чыгалбайсынар отургула ар кайсыны дооруп клавиша баатыр боло бербей Гулнур эже азамат сыймыктансак болот
05.11.2019. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыпалак баатыр башка эле жолду тандаса жакшы болот эле. Гулнур эже Азамат. Жообун дароо берди [moderated]ын
05.11.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер ортто
06.11.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыпалак уйундо эле отурчу
Кыргызды уят кылбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: