Ысык-Атада 12 жаштагы окуучу асынып алды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 12 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда 12 жаштагы окуучу асынып алганы тууралуу айтылган.
"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында К.Н. аттуу окуучунун асынып алганын аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.