Журналист Чынара Токонова каза болду
Журналист Чынара Токонова бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдирди.
Чынара Токонова кечээ, 3-ноябрда инсульт алып, ооруканага жаткырылган.
Ал эми дарыгерлер журналист операцияны көтөрө албай турганын айтышкан.
37 жаштагы Чынара Токонова КТРК, НТС, Бешинчи каналда, ошондой эле "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда иштегени маалым.
SUPER.KG порталы Чынара Токонованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Былтыр Чынара Токонованын апасы КТРК каналынын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымынан улам кызы инсульт алып, ооруканада оор абалда жатканын кабарлаган. Ал эми Жылдыз Жумабекова Чынара Токоновага эч кандай кысым болбогондугун, ал жумуштан кетүү боюнча арызын өз каалоосу менен жазганын билдирген.


Жаткан жери жайлуу болсун...