super.kg logo
  Спорт  

Англия Премьер-Лигасында оюн учурунда Андре Гомештин алган жаракаты футболчуларды нес кылды

 

4-ноябрга караган түнү Англия Премьер-Лигасынын алкагында "Эвертон" - "Тоттенхэм" беттеши өттү. Анда "Эвертондун" футболчусу Андре Гомештин оор жаракаты күйөрмандарды гана эмес, футболчуларды да нес кылды.

78-мүнөттө Гомешти токтотуу үчүн Сон Хын Мин менен Серж Орье чалып жыгылтышкан. Сон Хын Мин эмне кылганын көрүп алып, көзүнө жаш алды. Андре Гомештин буту ошол жерден сынган. Башкы калыс корей футболчусуна кызыл кагазды көрсөткөн.

"Кызыл кагаз болбосо деле мындан кийин Сон оюнду уланта алмак эмес. Ал эмне кылганын көрүп алып, өзүн кармана албай кетти. Футболчу футболчунун жаракат алганын жакшы түшүнөт, Гомешке эртерээк айыгып кетишин каалайбыз", - деп билдирет Сон Хын Миндин командалашы Деле Алли.

Оюн эсеби 1:1 менен аяктаган.






Сон Хен Мин менен Андре Гомештин тиреши

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.11.2019. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушу баланын багы ачылбады негедир, депрессиядан эми эми чыгып келатты эле
05.11.2019. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айыгып кетсин Андре Гомеш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: