super.kg logo

ЖЭБ соту: Мурдагы энергетика министри ЖЭБ боюнча буйрук өйдө жактан оозеки түрүндө келип турганын, жоопкерчиликти кагаз жүзүндө аны аткаргандар тартып жатканын белгиледи

 

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда.

Анда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сурак берүүдө. Соттук отурум учурунда мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Артыкбаевдин "Өкмөттүн буйругу формалдуу түрдө гана чыгат" деген жүйөсүнө түшүнгөн жокмун. Сиз өкмөттүн кызматка кирип жатканда жана тапшырып жаткандагы регламентин окудуңуз беле? Бардык процесс менен көрүнбөгөн күч башкарып жаткан дедиңиз, ал кандай күчтөр эле? Тактап айта аласызбы?", - деди.

Буга Артыкбаев: "Өлкө башчынын чөйрөсү башкарып жаткан деп түз айта алам. Үстүнөн команда оозеки келет. Ал эми жоопкерчиликти кагаз жүзүндө ал буйрукту аткарып, иштегендер тартып жатат", - деп жооп берди.

Мындан тышкары Сатыбалдиев : "Бул жакта 2 жылдан бери отурам. Бирок эмнеге отурганымды бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөйм", - деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
04.11.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ж.Сатыбалдиев адам катары кандай адам билбейм бирок жок жерден түрмөдө отурат күнөөсү жок эле , С.Жээнбеков президент болбогондо кошо отурмак бирок 4 жылдан кийин кирет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: