Москвадагы чатыр лагерге алынып келинген кыргыздардын бирөө полиция кызматкерлерин алдаган
Москва шаарында иштеп
жүргөн мигранттарды текшерүү маалында кармалып, чатыр лагерге түшкөн 4
кыргыздын бирөө полиция кызматкерлерине өзүнүн аты-жөнүн жашырып, башка адамдын
фамилиясын айткан. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз
катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Айтымында, бул жарандын үстүнөн 2
жолу сот болмокчу. “Ал лагерге алынып келингенде өзүнүн эмес башка бирөөнүн фамилиясын
айткан. Ошондуктан бул ишке байланыштуу жана депортация кылууга байланыштуу 2
жолу сот болмокчу. Бул 19 жашар жигитти депортация кылуу маселеси көпкө чейин
созулушу мүмкүн. Негизинен депортация болгон жарандар 5 жыл Орусиянын аймагында
жүрүү укугунан ажырайт. Ал эми кээ бир учурларда паспортторун өзгөртүп, кайра
келгендер болуп жатат. Эгерде мындай жоруктары билинип калса, анда катуу жаза
көрүлөт”,- деди Кулукеева.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

