super.kg logo

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча мурдагы жетекчиси 5 жылга эркинен ажыратылды

 
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча мурдагы жетекчиси, полковник Э.Кудайбердиев 5 жылга эркинен ажыратылды. УКМК билдиргендей, өкүмдү Ош шаардык соту чыгарды. Ал эми аталган органда мурда штаттан сырткары иштеген кызматкер М.Махаматжанов 4 жылга кесилди. Бул жарандар 2012-жылдын 11-ноябрында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, баңгизат сатуу учурунда колго түшкөн Ош шаарынын тургунунан 15 миң доллар акча өндүрмөкчү болушкан. Бул факты боюнча аларга бир нече берене менен кылмыш иши козголгон.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: