super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Баткенде эки унаа сүзүшүп кырсыктан 2 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилди (видео)

 

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки жеңил унаа сүзүшүп, 2 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.

Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 4-ноябрь күнү саат 16:30 чамасында Исфана-Кулунду жолунда болгон. Анда Бешкент жана Андархан айылдарында почточу болуп иштеген эки жаран каза болгон.

"Эки унаа жол талашып кырсыкка кабылышкан. Каза болгон жарандардын (эркек киши) жашы болжол менен 40-50-жаштарда", - деп билдирет күбө.

Бул фактыны Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктап, жеринде кызматкерлер иштеп жатканын билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Баткенде жол кырсыгынан эки жаран каза болду

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: