Бишкекте "Тез жардам" унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөн кырсыкта эки жаран жабыркап, ооруканага жеткирилди
Бишкектин Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде "Тез жардам" кызматы менен жеңил унаа сүзүшкөн жол кырсыкта өспүрүм менен бир чоң киши жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат.
"Учурда жабыркаган жарандардын жашы тактала элек. Аларды ошол замат шаардагы ооруканалардын бирине алып кетишкен", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Буга чейин Бишкектин Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде "Тез жардам" кызматынын унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөнү маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.