super.kg logo

Актёр Бакыт Осмонканов: "Жол эрежесин айламдын жоктугунан бузуп, 3 миң сом айып пул төлөдүм"

 

Актёр, "тамашоучу" Бакыт Осмонканов жол эрежесин бузуп, 3 миң сом айыпка жыгылды. Анын айтымында, айла жоктон ушул кадамга барган. Окуя кечээ, 4-ноябрда Бишкектеги Чүй кең көчөсү менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

"Унаамды кинотеатрдын алдындагы жайга токтотком. Кинотеатрдан чыксам, менин унаамдын алдына башка унааны токтотуп кетишиптир. Унаанын ээсин 15 мүнөт күттүм, байланышайын десем номерин калтырбаптыр. Радио эфирге чакырылгам, кечигип калбайын деп такси тоссом токтогон жок. Жол тыгын болуп жатканда такси чакырсам качан келмек эле деп айла жок аялдамадан чыкканга туура келди.

Күнөөмдү толук моюнума алам. Жол эрежесин бузганым үчүн 3 миң сом айып пул төлөдүм. Жол эрежесин буздум, бирок радио эфирге 20 мүнөт кечиктим", - дейт ал.

"План Б", "Айыл Кэмп", "Ата" тасмаларына режиссёр болуп, "Бир тууганчик-1-2", "План Б" тасмаларында роль жараткан.

"Тамашоуга" чейин Евгений Акопяндын "Кыргызстан КВНи" Лигасында "Весёлый строитель" командасында ойногон. Кийин "Тамашоудан" "IUK" командасына кошулуп, андан чыккан соң "Моника Беллуччи" командасын түзгөн.






Актёр Бакыт Осмонканов аялдамада турган элди унаасы менен аралап кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
06.11.2019. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калп өзү штраф 3 миң сом экен 15 күнгө жеткирбей төлөсө жарымын төлөйт 1500 сом анан кайдагыны айтпасынчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: