super.kg logo

Мексикада аял менен анын 4 баласын атып кеткен кылмышкерлер изделүүдө

 

Мексикада аял менен анын 4 баласын атып кеткен кылмышкерлер изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза болгон аял Хулиан Ле Барон аттуу активисттин туугандары болгон. Каргашалуу окуя тууралуу активист радиодогу берген маегинде билдирген.

"Окуя Сонора жана Чиуауа штатынын чектешкен аймагында орун алган. Анда белгисиз кылмышкерлер Мария Ронита аттуу аял жана анын 4 баласы бараткан унааны аткылашкан. Натыйжада эне жана 4 баласы, алардын ичинен 7 айлык эгиз уулдары да каза болгон. Мындан сырткары, окуя болгон аймактан 2 аял жана 9 бала уурдалган. Учурда маркумдун жакындары бийлик өкүлдөрүнө кайрылышып, бул окуяны көзөмөлгө алууну өтүнүштү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: