super.kg logo

Кытай космоско навигациялык системге кирген кезектеги спутнигин учурду

 

Кечээ, 4-ноябрда Кытай космоско “Бейдоу-3” аталышындагы навигациялык системге кирген спутнигин учурду. Орбитага чыгарылган спутниктин саны ушул менен 49га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, спутник Кытайдын Сычуань провинциясында жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 01:43тө учурулган.

Кытай "Бэйдоу" деген аталыштагы навигациялык системин 2000-жылдан тартып түзө баштаган. Учурда аталган өлкөнүн бүт аймагын камтыган "Бэйдоу-1", Азиялык-Тынч океан аймагынын бир бөлүгүн камтыган "Бэйдоу-2" бар. 2020-жылдан баштап бүт Жер планетасын камтыган "Бэйдоу-3" системи ишке кирет. Ал ишке кирген соң навигациянын тактыгы 2,5-5 метрге чейин жетип калат. Ал эми келечекте тактыкты бир канча сантиметрге дейре жеткирүү каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
05.11.2019. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул спутник жерди 1 метр бийиктиктен көрсөтөт экен. Мына шумдук. Илим билимдин пайдасы кандай. Азыр дүйнөнү билими күчтүүлөр гана башкарат.
filis түзөттү 2019-11-05 12:03:06
05.11.2019. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Китай космостогу аппараты менен жер жузундо эмне болуп жатканын байкап турат экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: