super.kg logo

Орусиялык модель менен ажырашып кеткен Малайзиянын падышасы баласынан баш тартууда

 

Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V`тин "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү Оксана Воеводина менен ажырашып кеткенден бери ортосундагы чырга чекит коюла элек. Бул ирет Мухаммад V баланын атасы башка болушу мүмкүн дегенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, модель уулунун сүрөтүн коомчулукка чыгарган. Мухаммад V мурдагы жубайы бул ишти атайын кылганын, ажырашкандан кийин анын мүлкүнөн жетиштүү акча алып калуу үчүн жасаган кадамдары экенин айткан. Ошондой эле сүрөттөр баланын биологиялык атасы Мухаммад V экендигин далилдебей турганын билдирген. "Сүрөттөгү бала кебетеси азиялык болгон адамдыкы болушу мүмкүн" деген мурдагы падыша.

Мухаммад V Оксана Воеводина кош бойлуу экенин укканда кубанычтан көзүнө жаш алды деген кеп болбогон сөз экенин айтып, аны менен баш кошконун жашоодогу кетирген эң чоң катасы экендигин кошумчалаган. Мухаммад V орусиялык моделдин эч кандай кадыр-баркы жок деген. Буга Оксана Воеводинанын бассейиндин четиндеги жарым-жылаңач видеолору себеп болгон.

Ал эми орусиялык модель уулунун атасы Мухаммад V экенин айтып, ДНК тесттен өтүүнү сунуштап келет.

2018-жылы 22-ноябрда 49 жаштагы Мухаммад V "Москва сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү, модель Оксана Воеводинага баш кошкон. Ал эми алардын ажырашуусунун себеби Мухаммад V'тин өз эрки менен тактан баш тарткандыгынан улам деген маалыматтар тараган. Кийинчерээк жубайлардын ажырашуусу тууралуу маалымат эч ким тарабынан тастыкталбаганы жана бул жөн гана ушак кептер экени айтылган.
Ушул жылдын 21-майында уулдуу болушкан.

Малайзиянын мурдагы падышасы менен орусиялык моделдин ажырашып кеткендиги тууралуу маалымат 17-июлда белгилүү болгон. Айрым маалымат каражаттары алардын ажырашуусу 1-июлда болгонун жазып чыгышкан. Ал эми социалдык тармактарга тарап кеткен документтерге ылайык, түгөйлөр ислам дининин негизинде ажырашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
05.11.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Баласы атасынын копиясы болуп турат го
05.11.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менда ошону айтайын дегенмин окшош эле экен атасына
05.11.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
22-ноябьрда баш кошушкан болсо, 21-майда, толук алты ай дегенде төрөптүрда, же мурда эле жашап жүрүшкөн бекен?. Бирок окшош экен баласы папасына.
05.11.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин жеке оюмча бала Падышанын баласы. Себеби окшоштук 80%.
05.11.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурду ,көзү окшош болуп турат го атасына.
05.11.2019. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Днк жок эле көрүнүп турат 100% баласы экени.
06.11.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башкасын танса да баласын танбай эле койбоптур да падыша, ач коздонуп атса керек акчасын бергиси келбей.
06.11.2019. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Копия болуп турат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: