Кыргыз өлкөсү Кытайга эң көп карыз болгон өлкөлөрдүн катарында турат
Кыргыз өлкөсү Кытайга эң көп карыз болгон өлкөлөрдүн катарында турат. Мындай изилдөөнү "Eurasianet" порталы "Эмне үчүн Борбордук Азия мамлекеттери Кытайга канча каражат карыз экенин так билбейбиз?" деген экономикалык изилдөө макаласында жазды.
Анда дүйнө жүзү боюнча Кытайдын башка өлкөлөргө болгон көмүскөдөгү каражат бөлүп берүүсү 200 миллиард доллардан ашканы жазылган. "Кытайдын каражаттарды бөлүп берүүсү көпчүлүк учурда так ачыкталбайт, өлкө берип жаткан насыялары боюнча маалымат бербейт. Ошондой эле алардын үстөгү канча болору дагы ачык айтылбайт. Мисалы, Кытайдын улуттук банктары насыя берсе, ал каражат Кытай компаниялары аркылуу берилет. Алсак, Кыргыз өлкөсүнө Кытайдын экспорт-финансылык банкы жолдорду жасоону каржыласа, бул долбоорду Кытайдын компаниясы иш жүзүнө ашырат. Андыктан карыз алып жаткан өлкө канча өлчөмдө каражат алганы жана алар кантип пайдаланып жаткандыгын так аныктай алышпайт", - деп жазылат анда.
Кытайга эң көп карыз болгон өлкөлөрдүн арасынан Кыргыз өлкөсү 5-орунда турат. Ошондой эле бул тизмеде Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан дагы бар.
Кыргыз өлкөсү 2019-жылга карата Кытайга болгон карызы 1 миллиард 700 миллион доллардан ашык каражатты түзөт.

















1 |