Ирина Карамушкина Атамбаев Жээнбековдорду кечирүү ою бар экенин жазды
Кечээ, 4-ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Асель Кодуранова, Альфия Самигуллина, Ирина Карамушкина СИЗОдо жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Карамушкина социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Карамушкинанын жазганына ылайык, Атамбаев китеп окуп, спорт менен машыгып жатат. "Кой-Таш окуясы боюнча СИЗО-1де камалгандар тууралуу көп сүйлөштүк. Атамбаев күнөөсү далилденсе, камакта отуруп чыкканга даяр экенин айтты. Экс-президентти мыйзамсыздыктан сактагандарды бошотуу керектигин билдирди. Жолугушуунун аягында Атамбаев Жээнбековдорду кечирүү ою бар экенин билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
-4

