super.kg logo

Грецияда жүк ташуучу унаадан мыйзамсыз бара жаткан 80 мигрант кармалды

 

Грециянын түндүк чыгышындагы Ксанти шаарына жакын райондон полиция кызматкерлери мыйзамсыз кетип бара жаткан 80 мигрантты кармашты. Бардык мигранттар 20-30 жашка чейинки жарандар экендиги аныкталган. Ондогон мигранттар Салоника жолунда дем жетпей өлүп калышы мүмкүн болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, жарандар акы төлөнүүчү трассадан унааны токтоткондо кармалышкан. "Контейнерде 80ден көп мыйзамсыз иммигранттар болгон. Көпчүлүгүнүн дем алуу органдарында көйгөйлөрү болгондуктан, полиция кызматкерлери "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Полиция жана "Тез жардам" кызматы жарандарды ооруканага алып кетишти", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин да буга окшогон окуя катталган. Анда Англияда жүк ташуучу унаадан тоңуп каза болгон 39 жарандын жансыз денеси табылган. Алар Вьетнам жарандары болгондугу аныкталган. Каза болгондордун көпчүлүгү Вьетнамдын борбордук бөлүгүндө жашап келишкен. Ал экологиялык жана кызматка орношуу көйгөйлөрү көп аймак катары таанылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: