super.kg logo
  Саясат  

Депутат Руслан Казакбаев: "Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча лимит киргизип жатканынын себеби айла жоктун иши болсо керек". КҮНСОБОЛ

 

Бардык аймактарга электр энергияны пайдалануу боюнча лимит коюлат. Токтомдо өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө контролго алышсын деп жазылган.

SUPER.KG порталы "Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча облустарга лимит киргизди. Бул маал-маалы менен өчүрүүгө кайтуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев бүгүнкү күндө электр энергия тармагындагы абал чынында кыйын деген пикирде. "Өкмөт лимитти кандай себеп менен киргизип жатканы боюнча маалыматым жок экен. Бирок чынында электр энергия тармагындагы абал кыйын, бүгүнкү көрүнүш акыркы 5-10 жылдагы абалдын кесепети. Жабдуулардын баарынын колдонуу мөөнөтү эбак бүткөн. Кыргыз өлкөсүнө келген гранттар, насыялардын көпчүлүгү транспорт жана энергетика тармагына келип түшкөн. Алар тилекке каршы, ал акчаларды өздөрү төлөй алышпайт. Аны төлөө үчүн жабдуулардын баарын жаңыртып, электр энергияга болгон бааны өзгөртүү керек. Бирок экономикада эч кандай реформа болбой, өнүкпөй жаткандан кийин андай жолго бара албайт, себеби эл кыйналып калат.

Менин оюмча, лимит киргизип жатканынын себеби айла жоктун иши болсо керек. Бирок буга чейин өкмөт суу жетишерлик деп маалымат берилип жаткан, анан лимит эмне себеп менен киргизилип жатканын өкмөттөн суроо керек. Эгер кандайдыр бир кыйынчылык бар болсо, бул нерсе башка маселеге байланыштуу болсо же келишим менен коңшу мамлекетке кетип жаткан болсо элге ачык айтуу керек.

Лимит киргизүүнү убактылуу чара деп үмүт кылам, себеби кыш келип калды, калктын калың катмары электр энергиясын колдонушат. Бул маселеге өкмөт өзгөчө көңүл бурушу керек деген ойдомун", - дейт Казакбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: