super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжанда түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине катышат

 

Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын Габала шаарында 15-16-август күндөрү өткөрүлө турган  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитине катышат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Бул саммитте уюмдун катышуучу өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө кеңештеги төрагалык Кыргызстандан Азербайжан тарапка өткөрүлөрү болжолдонууда. Саммиттин алкагында президент Алмазбек Атамбаевдин уюмдун мүчө мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат. Белгилей кетсек,  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мамлекеттери кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: