Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы бейтапканада кабыл албай коюшту

Социалдык тармакта Бишкек шаарындагы №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна мүмкүнчүлүгү чектелген баланын ата-энеси кайрылып, жардам ала албаганы тууралуу видео тараган. Анда баланын атасы "Биз бейтапканада 3 сааттан бери турабыз. Балам 3 жашта. Баспайт, сүйлөбөйт, моюнун кармай албайт. Биз бул жерде каттоодобуз, аныктама катыбыз да бар. Бирок дарыгер биздин балабызды кароодон баш тартып жатат", - деп нааразылыгын айткан. Бул окуя боюнча баланын энеси Махабат Чекалова SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Биз бүгүн, 5-ноябрда №10 бейтапканага балабыздын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин аныктаган справка алыш үчүн кайрылганбыз. Алгач невропатологго баргам. Ал педиатр аныктама кат берсе, калганын өзүм жазам деп медайымды педиатрга жөнөткөн. Медайым бат эле келип, "булар биздин аймакка карабайт, жазып бербейм деп кыйкырып жатат" деди. Өзүм баламды көтөрүп алып барсам, медайым "каалаган жагыңарга арыздангыла. Үч балаңды алам, бул балаңды албайм", - деп кыйкырып кирди. Мен ушул жакка катталсак, справканы кайдан алам десем, педиатр ар нерсени шылтоолоп бербей койду. Ар жактан медайым элдин көзүнчө "каалаганыңарды кылгыла" деп кыйкырды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси ошонун баарын көрүп унчукпай басып кетти. 3 сааттай ошол жакта справка ала албай турдук. Биз ал аймакка караган даректе 17 жылдан бери жашап келебиз. Эгер ал жакка катталбаган болсок, КИФ (кабылдамада болгонду аныктоочу барак) бермек эмес да", - дейт.
Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы "№ 10 үй-бүлөлүк медициналык борборго ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын ата-энеси кайрылганда медициналык картасы жок болгондуктан, тиешелүү кызматкерлер МСЭге (медициналык-социалдык экспертиза) багыттама кат берүүдөн баш тартканы аныкталган. Баланын ата-энеси бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышкан. Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Бермет Самаганова тарабынан № 10 үй-бүлөлүк медициналык борбордун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисине тез арада медициналык-социалдык экспертизага кайрадан багыттама кат берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма берилген. Окуя боюнча № 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлерине административдик чара көрүлөт", - деп билдирди.






1 |