Чүйдө 23 жаштагы Батма Маматкалыева изделүүдө
Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1996-жылы туулган Маматкалыева Батма Шаапыевнаны издейт.
Ал ушул жылдын 8-октябрында Октябрь айылынын Герцен көчөсүнөн чыгып кеткенден бери ушул күнгө чейин дайынсыз болууда. Бою 160-165 сантиметр, күрөң түстүү далысынан ашкан чачы бар. Боз туника кийген, бутунда үйгө кийилүүчү бут кийим болгон.
"Кимде-ким Батма Шаапыеванын кайсы жерде экендиги тууралуу маалыматы болсо, Аламүдүн районунун нөөмөт бөлүмүнө 0(709) 94-84-34. 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 номурлары аркылуу же 102 номуруна чалууну өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.