super.kg logo
  Саясат  

Президент Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин небереси менен жолугуп, бир катар иш-чараларды даярдоо боюнча пикир алышты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагындагы иш-чаралар, анын ичинде бир катар маданий жана илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиев Кыргыз мамлекетинин тарыхында өзгөчө орунду ээлеген, бир доордун кайталангыс инсаны экенин белгиледи.

Эрмек Усубалиев мамлекет башчысына Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин кеңири өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн Усубалиевдин туугандарынын жана жакындарынын атынан ыраазычылык билдирди. Ал бардык пландалган иш-чаралар өз убагында өткөнүн жана ага катышкан мамлекеттик органдардын ишин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Эрмек Усубалиев 6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган 100 жылдык мааракесинин алкагында салтанаттуу иш-чараларга карата даярдыктардын жыйынтыгын чыгарышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: