Инженер-геолог: "Кумтөрдүн" калдык сактоочу жайы келечекте өкмөттүн баш оорусу болот"



"Кумтөрдөн" кала турган уулуу заттарды сактоочу жайдын келечектеги зыяндуулугун элестетүү да кыйын. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда борбор калаадагы "Климаттын өзгөрүлүшү жана Кыргыз өлкөсүндөгү уулуу заттарды сактоочу жайлардын жараткан коркунучу" аталышындагы тегерек столдо Геологиялык мониторинг жүргүзүү лабораториясынын башчысы Исакбек Торгоев билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө, өлкө аймагындагы союз маалынан бери курулган уулуу заттарды сактоочу жайлардын ичинен эң коркунучтуусу "Кумтөрдөн" кала турган зыяндуу заттарды сактоочу жай экени маалымдалды.
"Өлкө аймагындагы бардык уулуу заттарды сактоочу жайлардын баарын эсепке алган күндө да "Кумтөрдөн" кала турган уулуу заттарды сактоочу жайдын зыяндуулугунун коркунучун элестетүү кыйын. Бул компания жаңы ишке кирип баштаганда "балдарыбыз жумушсуз калбайт" деп сүйүнгөнбүз. Бирок андан балдарыбызга келечекте кала турган зыяндуулук баш ооруга айланат. Себеби бүгүнкү күндө көлөмү 100 миллион куб метрди түзгөн курамында цианид бар калдык сактоочу жай калууда. Долбоордун аягында анын көлөмү 130 миллион куб метрге жетери айтылган. Салыштыруу үчүн айтсам Советтер Союзу маалындагы бардык калдык сактоочу жайлардын жалпы көлөмүн айта турган болсок 70 миллион куб метрди түзгөн", - деди ал.


Алтындын запасы буто электе озубузго алып иштетип, калдык сактаган колмонун айланысын бекемдеш керек, сууга кошулбагандай кылыш керек дегени учун отурат турмодо.