super.kg logo

4 күн катары менен эс алабыз! Ыңгайлуураак орун алып, 150 телеканалды тандаңыздар

 

4 күн катары менен эс алабыз! Ыңгайлуураак орун алып, 150 телеканалды тандаңыздар. Күзгү мектеп каникулдары жана чоңдор үчүн узак ноябрь айындагы дем алыш күндөр – үй-бүлө менен чогуу убакыт өткөрүүнүн мыкты мүмкүнчүлүгү. Үйдө каласызбы же табиятка суктанасызбы – өзүңүздүн тандооңуз. Эки учурда тең жарым миллиондон ашуун колдонуучулар ыңгайлуулугун баалаган О!TV тиркемесиндеги мобилдик телевидениени кошо ала кетиңиз!

Сиздин тандооңузга – 150дөн ашуун телеканал сунушталууда, мисалы жакшы маанайдагы «Дом кино», «Кинопремьера», «Кинохит», «Киносемья», «Еврокино», «Киносвидание» сыяктуу 100% фильмдик телеканалдарды балдар менен чогуу көрсө болот. Буга кошумча катары, чай же какао демдеп, андан кийин көрүүнү улантуу үчүн өз “жарнама тынымдарын” да уюштура аласыз.

O!TV тиркемесин смартфон, планшет же ноутбук сыяктуу каалаган түзүлүштөн көрсө болот, ал эми O!TV тиркемесин Smart TV функциясы менен Sony, Phillips, Samsung, LG телевизорлоруна ырастап койсо болот. Бул жерде аны кантип аткаруу керек экендиги тууралуу толук нускама берилген. O!TV тиркемесин жүктөп алыңыз да, *750*3# буйрутмасы менен суткасына болгону 7 сомго 150 каналды кошуп алыңыз.

Өспүрүмдөргө смартфондун же компьютердин экранынын алдында өткөрө турган коопсуз убакыт күнүгө 3 саат экендигин аныктаган эксперттердин сунушун эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Мында ар бир 15-20 мүнөт сайын кичине тынымдарды – чай ичкенге “жарнамалык тынымдарды” уюштуруп туруу керек. Балаңыздын смартфон же планшет менен өткөргөн убактысын көзөмөлдөөгө O! Safe Kids тиркемеси жардамга келет. Мындан тышкары, тиркеме сизге:

• Азыркы учурда балдарыңыздын кайда экендигин;

• Балдардын смартфонундагы батарейканын зарядынын пайызын;

• Интернетте эмне менен алек болуп, эмнелерди издеп жаткандыктарын;

• Социалдык тармактарда ким менен достошуп жаткандыктарын айтып берет.

Баса, ТВ-каналдарды жана «О!Кино» сервисинин алкагында кинофильмдерди көрүүдө О! абоненттери үчүн гана интернет-трафик сарпталбайт. Суроолоруңуз барбы? 750 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) жана 0705 700 700 (башка операторлордун абоненттери үчүн) телефондоруна чалыңыздар. Кызматтар тууралуу кененирээк маалыматты o.kg сайтынан окуса болот. Баасы КНС менен көрсөтүлгөн, СС кошулган жок.

O!TV сиздерге көңүлдүү дем алыш күндөрүн каалайт!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: