super.kg logo

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына Elite House компаниясы жаңы унаа белек кылды

 

1924-жылы 1-ноябрда облустук милиция башкармалыгы ишке кирип, жетекчилик кызматка А.П.Амуров дайындалган. Дал ушул күн Кыргыз республикасынын милиция күнү деп белгиленип келет. Быйыл кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленди.

Elite House компаниясы Бишкек милициясынын күнү менен кызматкерлерди куттуктап, белек тартуулады. Тагыраак айтканда, 4-ноябрда Elite House компаниясы укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө Лада Гранта унаасын тартуулады.

"Мамлекет жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо үчүн болгон аракетин жумшап жатат деп ишенимдүү айтса болот. Биз дагы өзүбүздүн чакан салымыбызды кошолу деп бул белекти тартууладык. Elite House компаниясынын белеги шаарыбыздагы коопсуздуктуу жакшыртууга жардамчы болот", - деди Elite House компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев.

Elite House компаниясынын жоопкерчиликтүү корпоративдик-социалдык программасынын алкагында коомдогу маанилүү маселелерди чечүү каралган. Эскерте кетсек, буга чейин Elite House компаниясы өлкө боюнча маданият объектилерин оңдоо боюнча челлендж жарыялап, Кыргызстандын бизнес-секторун бул демилгени колдоого чакырган. Бул иш-чара аркылуу коомдук багыттагы жеке ишканаларды компаниянын жолун жолдоого үндөйт.

"Сиздер мамлекеттин маанилүү, оор ишин аркалап, коомдук тартипти сактап, өлкөдөгү тынчтыкты орнотуп келе жатасыздар. Сиздерди чын жүрөгүбүздөн кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздерге, эрдигиңиздерге жана кесипкөйлүгүңүздөргө рахмат!", - деди Тимур Файзиев укук коргоо кызматкерлерине.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
06.11.2019. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элит Хаус патрульдук машинасы болуп калды анан кычырап.
06.11.2019. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анча мынча колунан келбейт бул иш ишине ийгилик ушул балага мага да бир машина берсе Жакшы болмок
07.11.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Assalomuallekum, колуң менен бутуң барбы? Суранбай өзүң ал.
07.11.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоктон коро жогору демекчи Орустун машинасынан башка машина жокпу тыныраак. Орустун машинасын орустар оздору минбей жатышат. Эптемей дешип.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: