super.kg logo
  Саясат  

Депутат Дастан Бекешев: "Биздин өлкөдө саясий майрамдар көп". КҮНСОБОЛ

 

Кыргыз өлкөсүндө эртеңден баштап төрт күн катары менен эс алуу күнү болот. Соңку эки жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз өлкөсүндө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Коомчулукта Кыргыз мамлекетинде майрам күндөрү көп экени сынга алынып келет.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жыл ичинде 14 майрам белгиленет. Кыргыз өлкөсүнө ушунча көп эс алуу күндөрү керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөгө саясий майрамдар эмес үй-бүлө менен майрамдала турган майрамдар керек деген пикирде.

Эгер ачык айта турган болсом, биздин өлкөдө саясий майрамдар көп. Ал майрамдарды эч ким үй-бүлөсү менен отуруп деле майрамдабайт. Саясий майрамдар бул 23-февраль, 1-май, 31-август, эми ага 7-8-ноябрь да кошулду. Мисалы, Жаңы жыл үй-бүлө менен белгиленчү майрам, аны көптөр күтөт.

Мен 2016-жылы мыйзам долбоорун сунуштагам, анда 5-май, 23-февралды жана 7-ноябрды жоюп, үй-бүлөлүк майрамдарды киргизели деп сунуштагам. Мисалы, Энелер күнү деп, аны баары үй-бүлөлөрү менен белгилешмек. Бирок 2017-жылы бул мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо "болбойт" дешип 7-8-ноябрды эс алуу күн деп жарыялып өзгөртүп салышкан”, - дейт Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: