super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте боло турган Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

 

Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасын даярдоо жана катышуусун уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.

Жыйында стадиондо коомдук тартипти камсыздоо, кысылыштын алдын алуу, стадионго билетсиз киргендерге жол бербөө маселелери талкууланды. Оюндар өткөн күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан бир катар көчөлөрдө унаа кыймылы жабылат.

Кыргыз Футбол федерациясы Мьянма менен болгон оюндагы эреже бузууларга тийиштүү ФИФАнын дисциплинардык комитетинин чечимин күтүп жатат. Кыргыз өлкөсү жана Мьянманын курамаларынын ортосундагы беттеш учурунда күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан. Эми Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы бул окуя үчүн санкция күтүүдө, анын ичинде комитет акчалай айып же оюндарды стадиондо күйөрмандардын катышуусу менен өткөрүүгө тыюу салуусу мүмкүн.

"Командабыз турнирдин кийинки баскычына чыгат деген ишеним жана үмүтүбүз бар. Биз өз кезегинде көмөк көрсөтүп, бардык уюштуруу маселелерин чечип, стадионду тиешелүү деңгээлде даярдоого тийишпиз", – деди өлкөнүн вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Кыргыз өлкөсү жана Япониянын курамаларынын ортосундагы беттеште стадиондо жана анын тегерегинде коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруларына ишендирди.

Кыргыз футболчулары 14-ноябрда Япония менен, 19-ноябрда Тажикстан менен ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: