“Рак десе бүттү, өлөт деп ойлобош керек” дейт аталган илдет менен 5 жылдан бери күрөшүп келе жаткан айым. Бейтап башкаларга сабак болор оор тагдырын айтып берди



Айгүл Карнакова 5 жылдан бери рак илдети менен алышып келет. Каарманыбыз кандай оор сыноо, кыйынчылык башына түшпөсүн, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу окурмандарга позитивдүү маанай, жашоого үмүт тартуулап жүрөт. Учурда Түркияда дарыланып, ишкерлик менен да алектенип жүргөн күчтүү айым менен баарлаштык.
“Рак десе эле баарынын жүрөгү түшөт экен. Бул дартты билбеген, укпаган адамдар рак менен жабыркады, демек, бүттү, өлөт деп ойлошот. Ракты дарылап айыктырса болот, мен буга ишенем. Мына мен 5 жыл бою дарыланып, жашап келатпаймынбы”,- деген каарманыбыздын тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№888, 7-ноябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:33
2025-06-20
10:26
2025-06-20
16:24
2025-06-13
Рейтинг:
0


Талкуу жабык.